«АТОМ ДИПЛОМАТИЯСЫ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:44, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

"АТОМ ДИПЛОМАТИЯСЫ" – тарых жана саясат таануу илимдеринде АКШнын 2-дүйнөлүк согуштан кийинки тышкы саяасатынын стратегиялык багытын билдирүү үчүн кабыл алынган термин; башкача айтканда АКШ атом куралына жеке ээ болуп турган учурдагы дипломатиялык ыкмаларынын бири. Ошол учурда АКШ атом куралын жасоодо биринчи болушу менен АКШ жана Улуу Британиянын мамлекеттик жана саясий чөйрөсүнүн арасында түзүлгөн таасирдүү топтор тарабынан атайын АКШнын дүйнөдөгү геосаясий кызыкчылыгын камсыздоо максатында " Атом дипломатиясы" иштелип чыккан. АКШнын Атом дипломатиясы 1945-жылы Берлин (Потстам) конференциясынын жүрүшүндө эле байкалган. Айрыкча АКШнын 2-дүйнөлүк согуштун аягында 1945-жылы 6- жана 9-августа Япониянын Хиросимо, Нагасаки шаарларына атом бомбасын ташташы Атом дипломатиясынын негизги максатын ачык көрсөтүп, Союздаштар ортосундагы бири-бирине болгон ишенимдерин жоготуп, “кансыз согуштун” чыгышына өбөлгө түзгөн. Кийин Советтер Союзу өзүнүн атомдук программасын иштеп чыгып, атом бомбасын сыноодон (1949) өткөрүп, жердин жасалма спутнигин учурушу (1957), континент аралык ракеталарды ойлоп табышы менен Атом дипломатиясы толук кыйраган.

Ж. Арзыкулов