АГРОЭКОСИСТЕМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ негизги функциялары түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган жана агрохимиялык ыкмаларга таянган жасалма экол. шарттар. Табигый биоценоздордон айырмасы А-да тирүү организмдердин түрүнүн кыскарганы байкалып турат. О. эле, биол. түшүмдүү лүгү табигый экосистемадан алда канча жогору болот. Мис., мелүүн алкактын түшүмдүүлүгү болжол менен 150‒1500 г/м2 болсо, ал эми иштетилип жаткан жерлерде 4000 г/м2, Гавайи а-да бал камыштын түшүмдүүлүгү 7000 г/м2ге жетет. Түшүмдүүлүктүн мындай кескин көтөрүлүшү ургалдуу ыкмаларын (жер семирткичтерди көбү рөөк себүү ж. б.) колдонууга байланыштуу. Азыркы учурда А-лар Жер шарынын жер ресурстарынын 30%ке жакынын (айдоолор 10%, жайыттар жана чабындылар 20%) ээлейт. А-нын негизги түзүүчүлөрү: күрүч, буудай, жүгөрү, картөшкө, сулу, маниок, соя, арпа, ак жүгөрү, таруу, бал камыш ж. б.