АРИСТОФАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:48, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРИСТОФАН (биздин заманга чейинки 446–385-жылдар ченде, Греция) – байыркы грек драматургу, акын-комедиограф, «комедиянын атасы». Аристофан жөнүндө маалымат өтө аз. Ахарняндыктар» (425), «Атчандар» (424), «Аарылар» (422), «Тынчтык» (421), «Куштар» (414), «Фесмофорий майрамындагы аялдар», «Бакалар» (405), «Аялдар эл жыйынында» (392), «Плутос» (388) деген комедиялары сакталып калган. Аларда доор курч коюп жаткан маселелер ачык көрсөтүлүп, социалдык теңсиздик ашкереленген, эл таламында болгон, аларга жакшы каалоо-тилектерин билдирген. Ал комедияларында маанилүү окуяларга кайрылып, согуш саясатына каршы чыккан («Лисистрата»), реалдуу инсанды жемелеп («Булуттарда» Сократты), фантастикалык кырдаалдар чагылдырылган. Аристофандын комедияларын Э. Роттердамский, Г. Фильдинг, Н. В. Гоголь, В. Г. Белинский, сынчы А. В. Лу­начарский жана башкалар жогору баалаган.