АРЕНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:43, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРЕНА (латынча арена, сөзмө сөз – кум) – Ба­йыркы Римде оюн көрсөтүү үчүн амфитеатрдын ортосундагы кум төшөлгөн аянтча. Жырткыч айбандар менен гладиаторлорду (кул же согуш туткундарын) кармаштыруу үчүн пайдаланылган. Арена менен көрүүчүлөрдүн ортосуна суу толтурулган чуңкур же атайын тосмолор жасалган; спорттук мелдештер өтүүчү көрүүчүлөр үчүн атайын жасалгаланган орундары бар жай. Анда футбол талаасы, чуркоо жолу, секирүү, ыргытуу жайы үчүн секторлору болот. Волейбол, бас­кетбол аянтчалары да аренага кирет.