АРГЫН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:24, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРГЫН, гибрид (лат. hybrida – аргын, чалыш) – өсүмдүк сортторун чаңдаштыруудан жана малдын түрдүү породаларын аргындаштыруудан алынган түр. Алынган аргындын көп касиети тукум кууп, чөйрө шарттарына жакшы ыңгайлангандыктан өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү, малдын кунардуулугу, тукумчулдугу кыйла жогорулайт. Аргындан баалуу жаңы сорттор, породалар чыгарылат, к. Аргындаштыруу.