АПАЧИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:19, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АПАЧИ, а п а ч е (өздөрүн дине, нде, тинде деп аташат) – АКШнын түштүк-батышындагы индей – атапаска элдеринин тобу. Aпачи уруулары Аризона, Нью-Мексико, Оклахомадагы резервацияларда жашашат. АКШнын Калкты каттоо бюросунун маалыматы боюнча Апачи уруулар тобуна кирген калктын жалпы саны 111 810, анын ичинде «таза кандуу» Апачилер 63 193 адамды түзөт (2010). Апачи атабаск тилинде сүйлөшөт, англис жана испан тили да кеңири колдонулат. Дини – христианчылык, ошондой эле шаманизмди туткандар, баптисттер ж. б. бар. Апачилерге тектеш элдер – навахолор. Апачи 6 топко бөлүнөт: батыш Апачилер, чирикахуалар, мескалеролор, хикарильялар, липандар, кайова Апачилер. Апачилердин 14–15-кылымдарда АКШнын түштүк-батышына жана Мексиканын түндүгүнө миграцияланышы алардын этникалык өзгөрүшүнө алып келген. Апачилер аңчылык (кийинчерээк европалыктардын таасири менен атчан аңчылык кеңири жайылган), жер-жемиш жыйноочулук, дыйканчылык менен кесиптенишип, алачык жана бадал жыгачтарынан салынган жупуну үйлөрдө жашашкан. Апачилер 1886-жылга чейин испандык (1540), мексикалык жана америкалык (1845) колониялаштырууга каршы туруктуулук менен күрөшүп келишкен. 1850-жылы Апачилерди резервацияларга көчүрүү башталган. Азыркы мезгилде чарбачылыктын жаңы тармактары: мал чарбачылык, фермердик, то­кой иштетүүчүлүк ж. б. өнүгүп жатат.