АНТИПИНА Клавдия Ивановна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:44, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИПИНА Клавдия Ивановна (5. 5. 1903, Турки кыштагы, Балашовск району, Саратов губерниясы – 4. 10. 1996, Бишкек) – көркөм өнөр таануучу, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (Кыргыз Совет Энциклопедиясынын ишине активдүү катышкандыгы үчүн). Кыргыз ССРинин маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1974). 1931-жылы Москва университетин антропология адистиги боюнча бүтүргөн. 1937-жылга чейин ВКП (б) Борбордук комитетинин басма үйүндө редактор. Күйөөсү репрессияланганга байланыштуу Кыргызстанга келип, 1937–1946-жылдарда Фрунзеде (азыркы Бишкек) кечки мектепте мугалим, агартуу министрлигинин методика кабинетинде, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда эмгектенген. 1946–1954-жылдарда СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын тарых музейинде кенже илимий кызматкер, Кыргыз кыз-келиндер институтунда окутуучу, 1955-жылдан Кыргызстан Илимдер академиясынын Тарых институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. Ал «Түштүк кыргыздарынын материалдык маданиятынын жана колдонмо өнөрүнүн өзгөчөлүктөрү» аттуу илимий жактан өтө баалуу монографиянын (кийин ал эмгеги Америка Кошмо Штаттарында англис тилинде да чыккан), «Кыргыздын элдик өнөрү» жана башка эмгектердин автору. Ошондой эле «Дархан, Чычкан айылдарында жашаган колхозчу кыргыздардын үй тиричилиги» деген коллективдүү китепти жазууга катышкан. К. Антипина кыргыз колдонмо өнөрүн эң мыкты билген, изилдеген жана аны дүйнөгө таанытууга зор салым кошкон.

Ы. Кадыров.