АНАНЬЕВ кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:38, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНАНЬЕВ, Б а й с о о р у н, С а з а н о в к а – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы кыштак. Ананьев айыл аймагынын борбору. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1680 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 50 км, Балыкчы темир жол бекетинен 130 км чыгыш, облустун борбору Каракол шаарынан 92 км түндүк-батыш тарапта. Калкы 9927 (2022). Эки орто мектеп, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, клуб, китепкана, музей бар. Тамак-аш комбинаты, сүт заводу иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.