АНАНАС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:28, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНАНАС (Ananas) – бромель тукумундагы көп жылдык тропик чөп өсүмдүгү. Жалбырагы жазы, тасма сымал, калың, кыры тикендүү, узундугу 80 смге чейин. Машакча топ гүлдүү. Гүл жалбыракчасы бири-бирине жабышып өсүп, сүйрү, чоң, сары топ мөмө (жемиш) берет. Ал назик, даамы кычкыл-таттуу, жыттуу келип, салмагы 2-15 кгга жетет, уругу болбойт. Гавайи, Филиппин,

АНАНАС 66.png

Тайвань, Цейлон ананастары, Инди-Кытай жана башкаларда өстүрүлөт. Тропиктик Америкада 5-6 түрү бар. Анын мөмөсүндө кант, азоттуу заттар, кислоталар, күл болот. Мөмөсү жаңы кезинде желет, ошондой эле консерва түрүндө тамак-ашка колдонулат. Кыям жана конфет жасалат. Ананастын жалбырагынан баалуу техникалык була алынат. Чырпыгы, калемчеси, кээде мөмөсүнүн жогору жагындагы жалбырактарын тамырлатуу менен көбөйтүүгө болот.