АНАДЫРЬ БӨКСӨ ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:45, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНАДЫРЬ БӨКСӨ ТООСУ Түндүк-Чыгыш Сибирде, Анадырь дарыясынын жогорку агымында. Чукча автономия округунун аймагында. Түштүк-батыштан түндүк-чыгышты карай 400 кмге созулат. Бийиктиги 1185 мге чейин (Щучья чокусу). Жалпак чокулуу Эки-Суу аралары дарыя-өрөөндөрү менен бөлүнөт. Түндүк бөлүгүндө Эльгыгытгын көлү жайгашкан. Капталдарына бадалчалуу жана эңилчек мамык чөптүү тундра мүнөздүү. Бугу жайыты.