АЛЬФА-БӨЛҮКЧӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:00, 26 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬФА-БӨЛҮКЧӨ – кээ бир радиоактивдүү ядролор (нуклиддер) чыгарган эки протондон жана эки нейтрондон турган гелий атомунун ядросу. Альфа-бөлүкчөнүн массасы mα=4,00273 м.а.б =6,644 ·10-27кг , спин жана магнит моменти нөлгө барабар. Байланыш энергиясы 28,11 МэВ. Табигый радиоактивдүүлүктөн жана ядролук реакциядан бөлүнүп чыккан Альфа-бөлүкчөнүн энергиясы 4- 9 МэВ, ал эми заряд ылдамдаткычта ондогон МэВко жетет. Зат аркылуу өткөн учурда Альфа бөлүкчөнүн энергиясы заттын атомдорун иондоштуруусуна, дүүлүктүрүүгө жана молекуласынын диссоциациясына сарп кылынып, анын кыймылы акырындайт. Альфа-бөлүкчөнүн абадагы жашоо жолунун узундугу ᒐ~3-7 см, ал эми тыгыз ᒐ ~10−³см (айнекте ᒐ =0,004). Альфа-бөлүкчө түрдүү ядролук реакция жүргүзүүдө, нейтрон жана кээ бир радиоактивдүү изотопторду алууда пайдаланылат.