АЛЬП РЕЛЬЕФИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:45, 23 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЬП РЕЛЬЕФИ – рельефтин азыркы кар чегинен бийик жаткан мөңгүлүү бийик тоолорго, ошондой эле плейстоценде муз каптаган тоолорго мүнөздүү тиби. Мындай тоолорго аскалар, арсак-терсек чокулар, кырдуу жондор, жемирилген төрлөр, тепши сымал өрөөндөр, тик капталдар жана башкалар мүнөздүү. Альп рельефи Альп, Кавказ, Памир, Теңир-Тоо, Гималай жана башка тоолордо көп аянтты ээлейт. Кар чеги төмөн жаткан уюл аймактарындагы орто бийик жанa жапыз тоолорго да мүнөздүү, к. Рельеф.