АЛЬДЕГИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:24, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬДЕГИДДЕР – органикалык радикал (R) жанa суутек атому менен байланышкан карбонил тобу >С=0 бар органикалык бирикмелер классы. Альдегиддердин эң жөнөкөй өкүлү – формальдегид (кумурска альдегиди). Алардын молекулалык массасынын көбөйүшү менен сууда ээригичтиги азаят. Окистенүү даражасы боюнча спирттер менен карбон кислоталарынын ортосун ээлейт. Альдегиддерди окистендиргенде молекуласындагы көмүртектин санына жараша органикалык кислоталар пайда болот. Өзүнө таандык кислотанын атына уйкаш аталат, мисалы, кумурска кислотасына кумурска альдегиди (формальдегид), уксус кислотасына уксус альдегиди (ацетальдегид) жана башка Алар химиялык реакцияга өтө жөндөмдүү. Спирттер менен кошулуп ацеталдарды, гидроксиламиндер менен оксимди, гидразин менен гидразондорду, биринчилик аминдер менен азометиндерди (RCH=N – R) пайда кылат. Өнөр жайда СН20 жана NH3 төн гексаметилтетрамин (уротропин) алынат. Альдегиддер спирттерди, метил тобу бар ароматтык углеводороддорду, алкендерди кычкылдандыруу, катализатордун катышуусунда ацетиленге сууну кошуу жана башка жолдор менен алынат. Альдагиддер спирттерди, карбон кислоталарын, полимерлерди, антиоксиданттарды, дары-дармектерди, ароматтык заттарды, синтездик боёкторду жана башка алууда колдонулат.
С. Адылов.