АЛТЫМЫШБАЕВ Жолочу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:02, 20 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫМЫШБАЕВ Жолочу (1900, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Көңдөй айылы – өлгөн жылы белгисиз) – педагог. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1964). Педагогикалык техникумду бүтүргөн (1936). Ж. Алтымышбаев башталгыч класстарда мугалим (1919–1944), Тоң райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы (1944–1945), мектеп директору (1945–1954), 1954-жылдан М. Горький атындагы орто мектепте (Бөкөнбаев айылы) мугалим болуп эмгектенген. Ленин ордени (1949) жана бир нече медалдар менен сыйланган.