АЛТЫГАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:07, 27 Март (Жалган куран) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫГАТ– бир жак бетине баркыт, бейкасам жана башка кездеме капталып, жээгине төрт эли кызыл же кара манат кыйылган төшөнчү кийиз. Узундугу 3 м, туурасы 1,5 м жасалып, эки-үч кабат бүктөлөт. Алтыгат жүккө кездеме жагы сыртка каратылып, бүктөлүп жыйылат. Алтыгат боз үйдө меймандын алдына салынат (андан сыз өтпөйт). Ал азыркы учурда дээрлик жок болуп бара жаткан буюмдардан.

Алтыгат1.png