АЛМЕРЕКОВА Айнагүл Ашимбаевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:43, 1 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛМЕРЕКОВА Айнагүл Ашимбаевна (1938-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Күрмөнтү кыштагы) ‒ гематолог, медицина илимдеринин доктору (1983), профессор (1998). КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери. КММИни (1962), анын аспирантурасын (1965) бүтүргөн. КММАнын клиникалык гемотология кафедрасында ассистент, улук илимий кызматкер, бөлүм башчы. 1977-жылдан кардиология жана терапия илимий борборунун лаборатория башчысы. Патофизиология, гематология боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгектери бар.