АЛ-ИХВАН АЛ-МУСЛИМУН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:31, 15 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛ-ИХВАН АЛ-МУСЛИМУН («бир тууган мусулмандар») ‒ Египетте 1928-жылы Хасан ал-Банна тарабынан негизделген диний саясий уюм. Республикалык түзүлүшкө каршы чыккандыктан, мыйзамсыз деп жарыяланган. Уюмдун иш-аракети моралдык-этикалык норма, мыйзамдуулуктун, идеологиянын негизги булагы катарында исламдын принцибине негизделген «адилеттүү ислам коомун» түзүүгө багытталган. Алардын пикири боюнча бул максатка «өнүгүүнүн исламдык жолу» алып барат. 1928‒1936-жылдары кайрымдуулук жана агартуучулук иш-аракеттер менен алектенген бул уюм бара-бара саясий турмушка активдүү аралашып, террордук ыкманы кеӊири пайдалана баштаган. 1949-жылы Хасан ал-Банна өлтүрүлгөндөн кийин өз алдынча уюмдарга бөлүнүп кетет. 1970-жылы президент Анвар Садаттын тушунда ал легалдашып, Египетте экиге бөлүнөт. 1981-жылы Садат өлтүрүлгөн соӊ, алардын иш-аракеттерине тыюу салынган. Учурда ал көпчүлүк араб өлкөлөрүндө жашырын абалда. Уюмдун идеологиясы жана саясаты реакциялык мүнөздө болгондуктан, көпчүлүк өлкөлөрдө алардын иш-аракеттерине тыюу салынган.