АК ӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:16, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-ӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир‑Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосу­нун түндүк капталынан башталган Жаңгарт суу­сунун алабында жайгашкан. Узундугу 7,4 км, аянты 20,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5148 м, этеги 3730 м бийиктикте жатат. Мөңгү аркылуу аты уйкаш ашуу өтөт. Этеги 1943–1962‑жылдары 500 мге че­гинген. Мөңгүдөн агып чыккан суу Жаңгарт суусуна оң жактан куят.