АК-САЙ - тарыхый топоним

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:51, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-САЙ ‒ жердин аты, тарыхый топоним. Махмуд Кашгари (11-кылым) анын Уч (азыркы Үч-Турпан) округунун аймагына жакын экенин билдирет. Орто кылымдагы адабияттарда Ак-Сайга чектеш же жакын жаткан Торугарт ашуусу, Ат-Башы шаары, Арпа-Йасы талаасы, Таш-Рабат кербен сарайы жана башка аталат. Буга караганда байыркы Ак-Сай азыркы Ак-Сай сыртына туура келери шексиз. Ак-Сай өрөөнүн жергиликтүү көчмөн эл эзелтен эле пайдаланып келген. Көк-Аргын менен Сары-Иймектен табылган неолит мезгилинин буюмдары буга ачык далил боло алат.