АК-БЕЙИТ ЭСТЕЛИКТЕРИ
Jump to navigation
Jump to search
АК-БЕЙИТ ЭСТЕЛИКТЕРИ – Ат‑Башыдагы Арпа өрөөнүнө өтүүчү Ак‑Бейит ашуусунда, деңиз деңгээлинен 3286 м бийиктикте жайгашкан байыркы, орто кылымдарга, ошондой эле XVII–XVIII кылымдарга таандык көрүстөндөрдөн, күмбөз жана мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндөрдүн бир бөлүгү жол куруу учурунда бузулган. Орто кылымга (XIII–XIV кылымдар) таандык күмбөз тегерек формада болуп, жан‑жактарына эшик сыяктуу анча байкалбаган кырлар жасалган. XVII–XVIII кылымдарда курулган бул күмбөз – архитектуранын кайталангыс үлгүсү катары эсептелет. Күмбөздүн аты менен ашуу Ак-Бейит деп аталат.
К. Табалдиев.