АЙЫПТОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:55, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙЫПТОО – тиешелүү мамлекеттик органдардын мый­замда белгиленген чекте жазык укугу боюнча күнөөлүү адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, айыптоонун үч түрү бар: мамлекеттик, коомдук жана жекече айыптоо. Мамлекеттик айыптоо сот кылмыш ишин карап жаткан учурда, мыйзамда каралган чекте прокурор тарабынан жүзөгө ашырылат. Коомдук айыптоо ошол кылмышка тиешелүү коомдук уюм тарабынан айыпталат. Жекече айыптоо жабырлануучунун өзү же анын өкүлү тарабынан кылмыш кылган адам­ды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча коюлат.
А. Арабаев.