АЗУРИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:41, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЗУРИТ (французча azurite – көгүлтүр) – карбонат­тар классындагы минерал. Химиялык формуласы Си3[С03]2(0Н)2. Моноклин сингониясында кристаллданат. Катуу­лугу Моос шкаласы боюнча 3,5–4, тыгыздыгы 3773 кг/м3. Салыштырма салмагы 3,77, өңү кочкул көк, айнек сымал жалтырак. Табиятта халькопирит, борнит жана башка минералдардын кычкылдануусунан пайда болот. Азурит – курамында 55,3% жез кез­дешкендиктен жездин баалуу кенташы. Көк боёк жасоого да пайдала­нылат.

АЗУРИТ40.png