АЗОНАЛУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:11, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЗОНАЛУУЛУК (а... жанa грекче zone – алкак, зона) ­белгилүү бир аймакта зоналуулук закон чене­минен тышкары өзгөчө бир табигый кубулуш­тун таралышы. Адатта азоналуулук рельефтин геологиялык түзүлүшүнө, тектоникалык режимине, морфострукту­расына жана башка эндогендик факторлоруна байланыштуу. Азоналуулук климаттын, суу режиминин, кыр­тыштын жана органика дүйнөсүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Азоналуулук тоолордо даана байкалат.