АДРЕСТҮҮЛҮК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:33, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДРЕСТҮҮЛҮК (ЭЭМде) – электрондук эсепте­гич машинанын командасындагы адрестер саны. Адрестүүлүк аткарылып жаткан операциялардын байла­ныштуулугуна жана мүнөзүнө, машинанын раз­ряддык торунун узундугуна, оперативдүү эске тутуучу түзүлүштүн сыйымдуулугуна жана струк­турасына жараша аныкталат. Адрес саны боюнча командалар бир, көп адрестүү жана адрессиз болуп бөлүнөт. Машиналардын Адрестүүлүгү туруктуу жана өзгөрмө болуп айырмаланат. Т у р у к т у у Адрестүүлүктө командалар кодундагы адрестердин саны өзгөрбөйт. Ө з г ө р м ө Адрестүүлүктөгү машинада эсептөө учурунда 4 адрестүү команда системасынан 3 адрестүү команда системасына өтүүгө мүмкүн болот.