АВТОГЕНЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:39, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВТОГЕНЕЗ (авто жана генез) ‒ органикалык дүйнөнүн өнүгүү процессинде чөйрө фактору эч мааниге ээ болбостон, өзүндөгү ички мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде жүрөт деп түшүндүргөн эволюциялык окуунун концепциясы. Ж. Б. Ламарктын градация, Г. Осборндун аристогенез, Э. Коптун батмогенез, Л. С. Бергдин номогенез, П. Тейяр де Шардендин руханий энергия жана башкалар жөнүндөгү окуулары Автогенездик мүнөзгө ээ. Бул агымдын өкүлдөрү бул көрүнүштү эволюциялык паралеллизм жана конвергенция кубулуштары менен түшүндүрөт.