АБЫЛОВ Күмөндөр Мукулович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:14, 15 -ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБЫЛОВ Күмөндөр Мукулович (30. 8. 1958-жыл, Нарын облусу, Нарын району, Учкун айылы) –  театр жана кино артисти, куудул, обончу, акын. Кыргыз Республикасынын эл артисти (2017), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1993).

Абылов Күмөндөр.jpg

Ал Токмок шаарындагы маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүн, Ташкент шаарындагы А. Н. Островский атындагы театр институтунун театр жана кино актёру бөлүмүн бүтүргөн (1989). Эмгек жолун Тянь-Шань райондук маданият үйүнөн баштаган (1978–1979), Нарын облустук М. Рыскулов атындагы  музыкалык драма театрынын аккордеонисти жана артисти  болуп эмгектенген (1979–1990), кийин «Күмөндөрдүн күлкүсү» деген куудулдук жана концерттик топ түзүп, аны элге тартуулаган. 2000-жылдан баштап Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёр катары эмгектенүүдө. 1982-жылы Т. Абдумомуновдун "Борбаш" комедиясы боюнча коюлган "Борбаштын досу Камгакпай" спекталинде уй фермери  Мамырдын ролун аткарып, театр чөйрөсүндө артист гана эмес, куудул катары да тааныла баштаган. В. Шекспирдин «Король Лир» спектаклинде Освальддын, М. Байжиевдин «Антоний менен Клеопатра» спектаклинде дарыгердин, А. Шницлердин «Сүйүү айлантмасы» - министрдин, Ж. Садыковдун «Ормон хан» - Тынаалы тыңчынын, С. Ахмаддын «Күйөө бала» - күйөө жолдош Жоробайдын, ошондой эле киноактёр катары да «Ак илбирстин тукуму» тасмасында Эр сайышка түшкөн жигиттин, «Жаралуу үчүн курман болуудагы» Бекнияздын жигитинин, «Кербез» тасмасындагы Арзыматтын, «Айыл Өкмөтү», «Юридикалык консультация» тасмаларындагы Айыл Өкмөт башчысынын, «Белгисиз маршруттагы» милиционердин жана башка ушул сыяктуу образдарды жараткан. Мындан сырткары К. Абылов 40тан ашык интермедия-монологдорду жазган, төрт спектаклдин музыкалык жасалгасынын автору. Ошол эле учурда акын катары «Сапарлашыма», «Энекеме», «Алтын апакеме», «Туулган жерим», «Атакем», «Балажаным», «Жайлоо таңы» жана башка 50гө жакын ырлардын, обондордун автору.

М. Молдалиева.