АБДЫКАРОВ Данияр Сатарбаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:55, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДЫКАРОВ Данияр Сатарбаевич (30. 5. 1975-жылы туулган, Ош шаары) – милициянын генерал-майору (2017). 1992-жылы КР ИИМдин Жогорку мектебин бүткөн.

АБДЫКАРОВ41.png

1994–98-жылдары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам өкүлү, 1998–2001-жылдары КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында ыкчам өкүл, 2001–2016-жылдары Бишкек шаардык, Чүй, Талас облустук ички иштер башкармалыктарында, КР ИИМдин борбордук аппаратында жетекчи кызматтарда, 2016–2018-жылдарда КР Ички иштер министринин орун басары болуп иштеген. 2019-жылдан «Манас» аэропортунун Авиациялык коопсуздук жана режим дирекциясынын (DABR) башчысы.