АБДРАИМОВ Көчкөнбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:20, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДРАИМОВ Көчкөнбай (1914, Ош облусу, Сузак району, Алмалуу-Булак кыштагы – 10. 5. 1992, ошол эле жерде) – жылкычы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ош облусунун Сузак районундагы «Алмалуу-Булак» колхозунда эмгек жолун баштаган, 1945-жылдан жылкы фермасынын башчысы.1946-жылы ал башкарган ферма 40 бээден 40 кулун, 1947-жылы 50 бээден 50 кулун алып, жылкы чарбасын өнүктүрүүдө жана анын кунардуулугун арттырууда жакшы ийгиликтерге жетишкен. Ленин ордени менен сыйланган.

АБДРАИМОВ 320.png