АФФЕКТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (лат. affectus ‒ көӊүлдүн толкушу, дилгирленүү, туталануу) ‒ адамдын көӊүлүнүн

тез өзгөрүп, кыска мөөнөттө өтүүчү эмоциялык абалы (долулануу, ачуулануу, каардануу, үрөйү учуу ж. б.). Бул абал субъекттин жашоосунда гы кандайдыр бир тез өзгөрүүлөрдөн улам субъекттин кыймыл-аракетинин өзгөрүүсү м-н бирге, анын ички органдарынын функцияларын өзгөрүүгө дуушар кылат. Корккон, кубанган, кайгырган адамдын эмоциясы А. түрүндө өтүшү мүмкүн. Г. Т. Ботоканова.