АФФЕКТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:24, 10 Март (Жалган куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (лат. affectus ‒ көӊүлдүн толкушу, дилгирленүү, туталануу) ‒ адамдын көӊүлүнүн тез өзгөрүп, кыска мөөнөттө өтүүчү эмоциялык абалы (долулануу, ачуулануу, каардануу, үрөйү учуу ж. б.). Бул абал субъекттин жашоосундагы кандайдыр бир тез өзгөрүүлөрдөн улам субъекттин кыймыл-аракетинин өзгөрүүсү м-н бирге, анын ички органдарынын функцияларын өзгөрүүгө дуушар кылат. Корккон, кубанган, кайгырган адамдын эмоциясы А. түрүндө өтүшү мүмкүн.
                                                                                                                                   Г. Т. Ботоканова.