БАЛАСАГЫН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАЛАСАГЫН (Баласагун, Беласакун, Валасакун, Balāsāḡūn) – орто кылымдардагы Орто Азиядагы ири шаарлардын бири. Көптөгөн араб-перс жазма булактары боюнча мусулман өлкөлөрүнө даңкы тараган даңазалуу шаар болуп, бир кылымга чукул убакыт кара кытайлар аны борбор кылып турган. Бирок Баласагын шаарынын жайгашкан орду азыркы учурга чейин так аныктала элек. Шаар тууралуу маалымат алгач Селжук мамлекетинин (1037–1194) вазири (1063–1092) Низам ал-Мулктүн «Саясат китеби» (орусчасы «Сиасет-намэ. Книга о правлении везира XI столетия Низам ал-Мулька») деген эмгегинде Саманиддер империясынын (875–999) эмири (914–943) Наср II б. Ахмадды өлтүрүү үчүн козголоңго байланыштуу 942–943-жылдары эскерилет. Козголоңчулар мусулман өлкөсүнө (Дар ал-Ислам) чектеш жерде жаткан Баласагынды динсиз түрктөрдөн бошотуп алууну шылтоо кылып, аскер чогултушкан. Мындан мурун ал шаарды «каапыр түрктөр» басып алган айтылат. Ал-Макдиси (X к. аягы) менен Махмуд Кашгари (XI к.) багытын да, аралыгын да көрсөтпөй, Баласагын шаарынын жанында казылган аңы, дубалы жана цитадели сакталган Ордо (Орду, Урду) шаары бар экенин көрсөтүшкөн. Ошондой эле Ал-Макдиси Баласагынды берекелүү жерге курулган эли көп чоң кыштак катары белгилейт. Мындан тышкары тактоо иретинде ал Орду шаары «Сыр-Дарыянын төмөкү агымынан» орун алган «кичирээк шаар» болуп, анда «түркмөндөрдүн (б. а. түрк; В. Бартольд боюнча огуздар) падышасы» жашап, Исфиджабга салык төлөп турганын эскертет. Абу Райхан Беруни (973–1048) жазган «Масуддун астрономия жана жылдыздар боюнча таблицасында» (ал-Канун ал-Масуди фи-л-хайа ва-н-нуджум) Баласагын 91° 30′ узундук, 44° 40′ кеңдикте деп көрсөтүлөт. Шаардын жайгашкан жери боюнча кызыктуу бир нече маалымат М. Кашгаринин сөздүгүнөн (кара: Диван лугат ат-түрк) жолугат. Анын биринде түрктөрдүн бир падышасы Шу Баласагынга жакын жерге шаар куруп жатып, А. Македонскийдин аскери келе жатканын угуп, чалгындап келүү үчүн 40 жоокерин Хоженд суусуна жиберет. Алар түн ката келип, А. Македонскийдин аскери Хоженд суусуннан өткөнүн билдиришкен. М. Кашгари андан ары өзүнүн сөздүгүндө жикилдер (чигилдер) Баласагынды «Куз-Улуш» (улуш – кыштак) деп аташса, жергиликтүү калк аны «Куз-Орду» деп атарын белгилейт. Сөздүктө «куз» деген сөз «тоонун тескей бети» б. а. кандайдыр бир нерсенин «маңдай-тескейи» деген мааниде түшүндүрүлгөн. Кийинки жолу М. Кашгари «Баласагун» менен «Кужнар Башынын» орто ченинде  «Занби арт»  деген ашуу болгонун көрсөтөт (Занби – кара чегиртке, арт – ашуу). В. В. Бартольд (1869–1930) бул «Шамшы» ашуусу болушу мүмкүндүгүн божомолдогон. Бирок бул жерде ал мынча бийиктикке (2300–3570 м.) кара чегирткелер чыдап, жашай албай турганын эске алган эмес. Ошондой эле сөздүктө « Кулбак деген түрктөрдүн олуясы Баласагын тоосуна» келип, кара ташка  өз колу менен «Теңирдин кулу Кулбак» деп чегип кеткени айтылат. Бул таш азыркы Талас өрөөнү, Кара-Жылга тоосундагы Кулансай капчыгайынан табылган. Ригобер Бонне (Rigobert Bonne) тарабынан Париж шаарында 1791-жылы чыккан «Тартариянын» картасында чыгышы Талас суусу, батышы Фергана (Fergana) жана Коженттин (Kogend) орто ченине Баласагын (La Haute ou Balasagun) аймагы жайгаштырылган. Баласагын шаары тууралуу бир нече кошумча маалымат Ибн ал-Асирдин (1160–1233/34) «Ал-камил фи-т-та’рих» (Тарыхтардын толук жыйнагы) деген көлөмдүү эмгегинде да кезигет. Ал боюнча Баласагын жана Кашкарга караштуу аймактардагы мусулмандар турган шаарларды тынымсыз чаап, тынчтык бербеген 10 000 түтүн түрк хижранын 435-жылы (10. 08. 1043–28. 07. 1044) «сафар» айында (мусулман ай санагы боюнча 2-ай) 20 миң баш койду курмандыкка чалып, ислам динин кабыл алганы айтылат. Ал маалымат боюнча «баласагындыктар» жайкысын «Булгарды» жайлап, кышкысын Баласагынга караштуу аймакта кышташкан. М. Кашгари боюнча Булгар, Сувар, Бажанак жерлери «Рус менен Румга» жакын жайгашкан. Араб тарыхчысы Абу-л-Фида  (1273–1331) Баласагынды (Balâsâghoûn) 7-аймакка (иклим) киргизип, Кашгардан «анча алыс эмес» экенин жана К. Птоломейдин (100–170) астрономиялык таблицасына таянып, ошол заманда арабдар түзгөн «Узундуктар китебине» (Китаб ал-атвал) ылайык 91° 35' узундук, 47° 40' кеңдикке, Кашкарды (Qâschgar ou Kâschghar) 6-аймактагы 96° 30' узундук, 44° кеңдикке жайгаштырган. Анын эмгегинде Фараб округу анча чоң эмес (баш-аягы бир күндүк жол) болуп, округдун борбору Кадар (Kadar) аталса, округдун атындагы Фараб шаары Баласагындан анча алыс эмес болгон. Булардан тышкары Баласагын шаары тууралуу айрым маалыматтарды Абу Саид Гардизинин (1008/09-жылдары туулган) «Кабарларды кооздоп сүрөттөө» (Зайн-ал-ахбар), Ала ад-дин Ата Малик ибн Мухаммед Жувейнинин (1226–1283) үч томдук «Дүйнөнү жеңип алуучунун тарыхы» (Тарих-и-жехангуша) жана Жамал ал-Каршинин (1230–1315) «ас-Сурах сөздүгүнө кошумча» (Ал-Мулхакат би-с-Сурах) сыяктуу ж. б. эмгектерден кезиктирүүгө болот. 1133–1141-жылдар аралыгында Баласагынды кара-кытайлар караткан. Жувейни «кара кытайлардын хандары тууралуу» баянында алар алгач 80 киши болуп, Кытайдан качып чыгып, кыргыздардын өлкөсүнө келгенин, бирок алардан сокку жеп, Эмил суусунун жээгине шаар курушканын айтат. Ал жерден кара кытайлар жергиликтүү түрк ж. б. элдер менен биригип, саны 40 миңге жеткенде «Баласакун аймагын» көздөй жылат. Бул учурда Баласагынды илгерки Афрасиаб тукумунан чыккан аты-жөнү белгисиз (илек-хан) адам бийлеп, анын өлкөсү түрк урууларына караштуу карлук менен каңдылар тарабынан таланып-тонолуп, коргонууга алы келбей, кара кытайлардын ханынан жардам сурайт. Натыйжада Баласагын кар кытайлардын борборуна айланып, алардын ханы «гурхан» наамын алат. Кийин жагында наймандардын ханы Күчлүк Чыңгыз хандан качып келип, гурхандын кызына үйлөнөт. Көп өтпөй ал Хорезм шах менен биригип, кайра гурхандын өзүнө каршы согуш ачат. Адегенде анын «Озкендеги» казынасын чаап алып, Баласагынга жакын «Чинуч» деген жерде гурхандын колунан жеңилип калган. Мухаммед Хайдардын маалыматында Баласагын 95 жыл бою кара кытайлардын борбору катары кызмат кылган жана Аму-Дарыянын чыгышын мекендеген калк толук ага хараж төлөп турган. Тарыхый маалыматтардын көбү Баласагын шаарында негизинен мусулман дининдеги калк басымдуулук кылганын айтат. Мисалы, Жувейни боюнча 1210-жылы шаар кара-кытайлардын 16 күндүк курчоосунда калып, 47 000 мусулман каза болгон. Махмуд ибн Вали (XVII к.) Баласагын шаарында бир учурда кыркка чукул чоң жана 200гө жакын кичирээк мечит болгонун көрсөтүп, болжол менен 1640-жылдары Баласагын шаарын өз көзү менен көргөн бир кашкарлыкка таянып, шаарды кум басып, ээн калганын, кумдун үстүнөн төрт-беш кулач (зира) чыгып турган минарет, сарай, медреселердин чатыры төрт фарсанг (перстердин чен бирдиги боюнча 1 фарсах = 5549 м) алыс жерден көрүнүп турганын белгилейт. Баласагын шаары, анын аталышы (этимологиясы), жайгашкан орду тууралуу оозеки маалымат белгилүү манасчы Балыкооздун (1799–1887) Отор хан деген санжырасында жолугат. Анда жалпы огуздарды кыргыздан чыккан бийлер бийлеп, Сыр-Дарыянын боюна ордо курдурат. Адегенде ал жөн эле «Ордо», Ороз хандын тушунда «Ороздун ордосу» деп аталып калат. Ороз хан өлгөндө ирандыктар (кол жазмада «ерендер») огуздарды чаап, шаарларын алып, тынчтык бербейт. Ошондо алар кеңешип, Ороздун уулу Оторду хан көтөрүшөт (кара: Отор хан). Ал ирандыктарга каршы жүрүшкө чыгып, Үргөнч, Самарканд шаарларын кайра кайрып алат жана атасы «Ороздун ордосун» оңдоттурат. Санжырада Отор хан өзүн аялы менен аргымактарга мингиздирип, ошондой эле өзүнөн мурунку хандарын сүрөтүн тарттырып, ордодогу музей сыяктуу ажайыпканага койдурганы айтылат. Ушундан баштап ал «Отордун ордосу» деген аталышка ээ болот. Отор хандан кийин анын уулу Баласагын хан болуп, Отордун ордосуна жакын жерге жаңы ордо курдуруп, ал «Баласагын» аталып калат. Санжырада булардан тышкары Баласагын хан Иле, Каркыра, Кеген, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Нарындан Ысар-Гөлөпкө чейин нечендеген шаарларды курдуруп, элди отурукташтырганы айтылат. Далилдүү, илимий так фактылар жетишсиз болгондуктан Баласагын шаарынын жайгашкан жери тууралуу маселе азыркыга чейин чечиле элек. Бири-бирине карама-каршы бир нече гипотезалар калыптанган. Алгачкылардан орус чыгыш таануучусу В. В. Григорьев (1816–1881) ал-Макдисиге таянып, Испиджаб (Аспиджаб) менен Тараздан ары «Түркстан» башталат, «Баласагын чек арадагы шаар болгон» деген тыянакка келген. Ошол эле ал-Макдисиге таянган В. В. Бартольд 1890-жылдары жазган илимий изилдөөлөрүндө шаарды Чүй өрөөнүнө жайгаштырат. Бирок Жувейни жана М. Хайдардын эмгектерин далил кылган дагы бир чыгыш таануучу Н. Ф. Петровский (1837–1908) өзүнүн макаласында окумуштуунун бул божомолун жокко чыгарат. Мындан кийин Абу-л-Фида келтирген географиялык координаттарга таянган  В. В. Бартольд Баласагын «Ауле-Атанын түндүк-чыгышында жайгашы мүмкүн» деген пикирин айткан. Аягында Н. Ф. Петровскийди талдоодо В. Бартольд «Баласагундун кайда жайгашканы тууралуу маселени» чечүүгө маалыматтар азырынча жетишсиз экенин моюнга алат. 1938–1940-жылдардагы археологиялык казуулардын негизинде А. Н. Бернштам (1910–1956) В. Бартольддун болжолдуу пикирин толук колдоп, «азыркы Ак-Бешим шаар калдыгы байыркы Баласагун» деген тыянакка токтойт. Бирок 1953–1954-жылдары археологиялык  казууларды уланткан Л. Р. Кызласов (1924–2007) Ак-Бешимде калк VI–X кылымдарда гана жашаганын, мечиттер болбогонун, X кылымда шаар жашоосун токтотконун, демек анын XI–XII кылымдарда караханиддердин борбору болуп, XIV кылымга чейин эл жашаган Баласагын болушу мүмкүн эместигин жарыялайт. Анын мындай көз карашын кыргызстандык археолог П. Н. Кожемяко (1918–1973) да колдоп чыккан. ыйынтык чыгарат. гон лушу пийин  чыгарганнын ордунда  н  н гол 1940–1960-жылдары аталган кай жерде жайгашканын тактоодеген жыйынтыкка келген. Баласагындын жайгашкан жери тууралуу илимий талкуулар азыркыга чейин уланууда.

Э. Турганбаев

Ад.: Géographie d'Aboulféda, Traduite de l'arabe en francais et accompagnée de notes et d'éclaircissements par M. Reinaud. Paris, Imprimerie nationale, 1848. Tome II, Première partie; Караханиды в Мавераннагре по Тарихи Мунедджим-баши в османском тексте /Пер. и прим. В. В. Григорьева. СПб., 1874; Петровский Н. Ф. Башня «Бурана» близ Токмака. //Туркестанские ведомости (ТВ) № 25 от 7-го (19) апреля 1894 г. Кызласов Л. Р. Раскопки древного Баласагуна. //Вестник МГУ. 1953, № 11; Кожемяко П. Н. Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Фр., 1959; Кызласов Л. Р. Работы Чуйского археологического отряда в 1953–1954 гг. //Труды Киргизской археолого-этнографической экспедиции (КАЭЭ). Под. ред. Г. Ф. Дебеца. Т. II. М., 1959; Бартольд В. В. Отчет о поездке в Среднюю Азию с научною целью 1893–94 г. /Соч. Т. IV. М., 1966; Абу Райхан Беруни. Избранные произведения. Т. V. Ч. 1. Таш., 1973; Массон М. Е., Горячева В. Д. Бурана: История изучения городища и его архитектурных памятников. Фр., 1985; Мирза Мухаммед Хайдар. Тарих-и Рашиди. Таш., 1996; Закиров С., Кыргыз санжырасы. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. В 2-х томах. /Сост.: Ташбаева К., Ведутова. Т. II. Б., 1998; Бартольд В. В. Работы по исторической географии, М., 2002; Суяб. Ак-Бешим. Сб., Археологические экспедиции Государственного Эрмитажа. СПб., 2002; Диван Лугат ат-Турк Махмуда ал-Кашгари. /Пер., пред. и комм. З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005; Шалекенов У. Х. Ещё раз о локализации города Баласагуна. //Вестник КазНУ. Серия историческая. №1 (64). 2012.