АШУБАЕВА Зина Жекшеновна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АШУБАЕВА Зина Жекшеновна (1935-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Кызыл-Туу айылы) ‒ химия илимдеринин доктору (1982), профессор (1989). Москва текстиль институтун бүтүргөн (1958). Кыргыз ССР ИАнын химия институтунда илимий кызматкер, лаборатория башчы, 1994-жылдан КР УИАнын химия жана химиялык технология институтунда башкы илимий кызматкер. 150 илимий эмгектин, анын ичинде 8 монографиянын, 30дай автордук күбөлүктүн автору. Алар негизинен пектин заттарынын химиясы жана технологиясына арналган. Ойлоп табуучулардын эл аралык уюмунун (Женева) алтын медалы менен сыйланган (2004).

Эмг.: Химические реакции пектиновых веществ . Ф., 1984; Применение петиновых веществ в медицине (в соавторстве). Б., 1989; Металлокомплексные производные пектинов и их применение (в соавторстве). Б., 1991.