АТАЛАЙ Бесим

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:41, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТАЛАЙ Бесим (1882, Ушак шаары, Түркия ‒ 7. 11. 1965-жыл, Анкара шаары) ‒ түркиялык тилчи жана жазуучу. Педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. 1937‒1942-жылдары Конья педагогикалык окуу жайында мугалим, Трабзон, Анкара педагогикалык окуу жайларында директор болуп иштеген. 18 жыл түрк тили коомунун башкы комиссиясынын мүчөсү болгон. Ал орто кылымдардагы түрк жазуу эстеликтерин которуп, басмага даярдаган түрколог катары белгилүү. «Дивани-лугат-ат-түрк» (1939‒1943), «Эт тухфетүз-Зе кийе фил ‒ луугатит-түркийени» эстелигин изилдеп, которуп жарыкка чыгарган. Түрк тилинин грамматикасы, синтаксисинин өзгөчөлүктөрүн камтыган баалуу эмгектерин: «Түрк тилинин эрежелери» (1931), «Түрк тилиндеги мүчө жана уӊгу боюнча бир тажрыйба» (1942), «Түрк тилинде сөз жасоо жолдору» (1946) жана башкаларды жазган.