АСАНКУЛОВА Эльвира Керезбековна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСАНКУЛОВА Эльвира Керезбековна (2. 6. 1962-жылы туулган, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Сын-Таш айылы) – опера ырчысы (колоратуралык сопрано), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2003). 1970-жылы М. Абдраев атындагы республикалык музыкалык мектеп-интернатын, М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын фортепьяно классын бүтүргөн, 1989–1993-жылдары

АСАНКУЛОВА 76.png


Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окуган. 1993-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жанa балет театрынын ырчысы. 1996–1997-жылдары Италиянын Кальи шаарында Марьо Дель Монако академиясында ырдоо билимин өркүндөткөн. Дж. Вердинин «Риголеттосунан» Жильданын, «Травиатасынан» Виолеттанын, Дж. Россининин «Севильялык чач тарачынан» Розинанын, В. А. Моцарттын «Сыйкырдуу флейтасынан» Түнкү канышанын, Ж. Kaныметовдун «Ак Мөөрүнөн» Ак Мөөрдүн жана башка ролдорду аткарган. Башкы партияларды ырдоо менен дүйнөлүк, орус, кыргыз композиторлорунун арияларынан үзүндүлөрдү, романстарды, ырларды да жогорку чеберчиликте аткарган.