АРСЫГУЛОВА Жумакалый

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРСЫГУЛОВА Жумакалый (1922-жыл, Чүй облусу, Coкулук району, Төш-Булак айылы – 1948-жыл, Фрунзе шаары) – туңгуч балет бийчиси. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1945). Алгач медициналык окуу жайда, 1934-жылы Ленинград шаарындагы хореографиялык окуу жайында окуган. 1939-жылы Москва шаарында өткөн кыргыз искусствосунун он күндүгүнө катышкан. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталгандыктан, Фрунзе шаарына келип, Кыргыз музыкалык театрында (азыркы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театры) иштей баштаган. Балетмейстер В. Козлов койгон А. Крейндин «Лауренсия» балетинде башкы партияны, М.Раухвергердин «Чолпон» балетинде Айдайды аткарган. М. Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык хореографиялык окуу жайында педагог болуп иштеген. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Ж. Арсыгулова – Лауренсия. «Лауренсия» балети (1946).