АРАПОВ Байыш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАПОВ Байыш (1942-жылы туулган, Ош облусу, Баткен району, Самарканд айылы) – физик, физика-математика илимдеринин доктору (1993), профессор (2000). 1964-жылы ОМПИни, 1967-жылы КМУнун аспирантурасын бүтүргөн. ОМПИде окутуучу, улук окутуу­чу, доцент, декан, ОшМУда профессор, кафедра башчы, ОшТУда фундаменталдык жана колдонмо илимдер боюнча ИИИнин директору, про­ректор. 2001-жылдан ОшМУда илимий иштер жана билим берүү борборунда проректор. Катуу нерселердин физикасы боюнча адис. 110дон ашык эмгеги, анын ичинде 1 монографиясы жарык көргөн.

Эмг.: Люминесценция электронных возбуждений и их распад с образованием в ионных кристаллах (в соавт.). Б., 1999.