БИЯНХУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БИЯНХУ (болжол менен 25. 5. 1830, Сияньфу, Шэньси аймагы, Кытай  — 26. 7. 1882, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Токмок уезди, Пишпек) – 1862–77-жылдары Цинь бийлигине каршы күрөштө дунган (хуэйцзу) элинин көтөрүлүшүн (1862–1877) жетектегендердин бири (кара: Дунгандардын көтөрүлүшү). Атасы айыл округунун аксакалынын милдетин аткарган. Кытай жазма маалыматтарында Байяньху, Чыгыш Түркстан (Синьцзян) аймагында Мухаммед Аюб деген ат менен белгилүү болгон. Көтөрүлүштүн башында (1862) Шэньси жана Ганьсу провинцияларында хуэйцзулардын куралдуу көтөрүлүштөрүнө катышкан. 1868-69-жылдардан Ма Чжэнхэ ж.б. менен бирдикте дунгандардын күчтөрүн жетектеп, эл ичинде "Даху" (Чоң Жолборс) деген атакка ээ болгон. 1872-жылы Биянху кол алдындагы 7 миң  жоокер менен Чыгыш Түркстанга чегингенде, Йакуб бек ага Үрүмчү шаарын коргоону тапшырган. 1876-жылы Синьцзяндагы көтөрүлүштү басуу үчүн башкы командачы болуп дайындалган Цзо Цзунтан 180 батальондон (юн) турган аскер менен адегенде Гучэн шаарын алып, андан кийин Үрүмчү жана Манас шаарларына жүрүшкө чыккан. Мындай көп сандагы аскерге туруштук бере албаган Биянху Токсунга чегинген. 1877-жылы күзгө жуук Йакуб бек көз жумганда анын уулу Беккулу-бектин буйругун аткарып, Курлу чебин коргоого алган. 1877-жылы 9-октябрда Цин өкмөтүнүн аскери Курлуну алганда, Биянху жоокелери менен алгач Бүгүр, андан Кашкарга чегинген. Цин аскери 1877-жылы декабрда Кашкарга жеткенде, Биянху бул аймакты калтырып, Чакмак ашуусунда салгылашууда дунгандардын төрттөн үч бөлүгү кырылган. 27-декабрда аман калган дунгандар Нарын чебине жеткен. Цин бийлигинин бир нече жолку Биянхуну кайтаруу талабын Россия өкмөтү канааттандырбай, Токмок уездине караштуу Чүй суусунун жээгиндеги Кара-Коңуз, Кара-Суу, Шор-Дөбө деген жерлерге отурукташтырган. Учурда урпактары Казакстандын Жамбыл облусунда жана Кыргызстандагы Ананьево айылында турушат.

Ад.: Думан Л. И. Биянху — вождь дунганского восстания 1862–1877 гг. (Историко-биографический очерк по китайским и советским архивным материалам) //Записки Института востоковедения Академии наук СССР. VII. Л., 1939; Сушанло М. Дунганское восстание во второй половине ХIХ века и роль в нём Бай Янь-ху. Ф., 1959.