АЛДАШЕВ Алмаз Абдулхаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛДАШЕВ Алмаз Абдулхаевич (1. 10. 1953, Фрунзе-19.06.2016, ошол эле жерде) ‒ биохимик, биология илимдеринин доктору (1999), профессор, КР УИАнын корреспондент мүчөсү (2000), академиги (2006). Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгынын (1985) жана КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын (1996) лауреаты, КРдин саламаттык сактоого эмгек сиӊирген ишмери, КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери. Москвадагы Н. П. Пирогов атындагы 2-мединститутун (1977), СССР ИАнын биохимия институтунун аспирантурасын (1980) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнын физиология жана патология институтунда кенже илимий кызматкер, Кардиология илим-изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, Кардиология жана терапия улуттук борборунда лаборатория башчысы, Молекулалык биология жана медицина ИИИнин директору, фундаменталдык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2004-жылдан КР УИАнын академик катчысы. 100дөн ашуун илимий эмгектин автору. Илимий эмгектери биохимия жана молекулалык биологияга арналган. Кыргызстанда «молекулалык жана клеткалык биология», молекулалык генетика сыяктуу жаӊы илимий багыттардын өнүгүүсүнө негиз салган. Ал гипоксин ‒ белокторун алып, алардын касиетин изилдеген. Өпкөнүн гипоксиялык гипертензиясынын патогенезине катышкан, мурда белгисиз митогендик белок факторун ачкан.150дөн ашык илимий эмгектери бар.

Эмг.: Signal Еransduction in Lung Cells. Уds. О.Иrody, D.Center, V.А.Еkachuk. Marcel Dekkers, New Юork, 1993; Еhorax. (авторлош), 2005. Aug; 60(8):683-7.

АЛДАШЕВ48.png