АЛДАШЕВ Абдулхай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛДАШЕВ Абдулхай (1918, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Ак-Кочкор айылы ‒ 2003, Бишкек) ‒ фармаколог, ветеринария илимдеринин доктору (1965), профессор (1966), Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген ветврачы (1974), КР УИАнын ардактуу академиги (1994), КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1991), жазуучу, адабий котормочу. 1939-жылы КАЧИни бүтүргөн. 1941‒45-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1956‒74-жылдарда ошол эле институттун кафедра башчысы; 1966‒74-жылдарда проректору. 1974‒79-жылдары Кыргыз ССР ИАнын биология институтунун директору. 1980-жылдан ушул эле институтта, 1985-жылдан Кыргыз ССР мамлекеттик агрардык-өнөр жай комитетинин

АЛДАШЕВ47.png

ветеринария ИИИде, 1990-жылдан КАУда лаборатория башчысы болгон. Алдашев ‒ 500дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 20 монографиянын, 11 ойлоп табуунун, 2 окуу китептин, биология жана мал чарбасы боюнча терминологиялык жана орусча-кыргызча сөздүктөрдүн, 50гө жакын адабий чыгармалардын автору. Малдын жайытта уу чөптөрдөн ууланышын изилдеген. «Манас» эпосунун көп томдуу орусча котормосун редакциялаган. «Жер төлөдөгү ой толгоо» (1997), «Казат селинде» (1998) жана «Өх, бүттүкпү» (2002) аттуу үчилтик романы үчүн КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган (2002). Элдердин достугу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси», Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордендери менен сыйланган.

Эмг.: Койдун тоют уукмасы . Ф., 1963; Антигельминты. Ф., 1982; Акониты . Ф., 1982; Этапы развития ветеринарии в Киргизии. Ф., 1981.