АКМАТ Токтогул уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:02, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКМАТ Токтогул уулу (1912, Өзгөн району, Коше­тер айылы – каза болгон жылы белгисиз) – манасчы. Атасы чоң жомокчу болгон. Ал кайда барса аны менен чогуу жүрүп, жомокчу, ырчыларга жолуккан. «Манас» айтканды атасынан, Келдибек Карбоз уулунан, Тыныбек Жапый уулунан үйрөнгөн. Андан Манастын Алтайдан келиши, Шоорук менен Акылай, Манастын Алтайдан Анжыянга көчүп келиши, Алоокенин жеңиши, Манастын Таласка келиши эпизоддору (1 407 сап ыр) жана «Манас» эпосуна байланыштуу Аккула жөнүндө баян, Манастын Аккулага ээ болушу, Ачбуу­дан, Мааникер жөнүндө баян, Кулун көлү жөнүндө баян жазып алынган.