АЙТПАЕВА Гүлнара

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:45, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙТПАЕВА Гүлнара (8. 5.1961‑жылы туулган, Ысык‑Көл облусу, Каракол шаары) – адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1995). Воронеж мамлекеттик университетин (1983), Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын (1987), Кыргыз мамлекеттик университетинин докторантурасын (1995) бүткөн. Пржевальск педагогикалык институтунда окутуучу, улук окутуучу, Ысык-­Көл мамлекеттик университетинде доцент, КМУУда окутуучу, 1999‑жылдан Борбордук Азиядагы америкалык университетинде «Кыргыз этнологиясы» программасын жетек­төө менен бирге академиялык иштер боюнча университеттин вице­-президенти болуп иштеген. 40тан ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 1 монографиянын автору.

Эмг.: Религиозные мотивы в кыргызском романе (60–80 гг.) Б., 1996; Үркүн: смысл трагедии 1916 года в контексте большого времени. Б., 1999.