АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:39, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ, А б у Бакр Мухаммед ибн Жафар а н-Н а р ш а х и (899–959) – орто азиялык тарыхчы. Бухаранын түндүгүндөгү Наршах кыштагында туулган. 943–44-жылдары араб тилинде Саманиддер эмири Нух ибн Насрга (943–954) арнап, «Бухара тарыхы» («Тарих-и Бухара») эмгегин жазган. Анын бул эмгеги 7–12-кылымдагы Бухаранын жана Заравшан дарыясынын төмөнкү агымындагы оазистин тарыхы жана топографиясы боюнча баалуу булак. Анда Орто Азиянын тарыхы, арабдар келгенге чейинки (7–12-кылым) Бухара аймагы жөнүндө маалыматтар бар, ошондой эле Орто Азияны арабдардын каратуусу, Абруйдун жана Муканнанын көтөрүлүштөрү, исламдын буддизм менен христиан динин сүрүп чыгаруусу жөнүндө да айтылган. Аталган эмгекти алгач француз чыгыш таанычуусу Ш. Шефер которуп, 1892-жылы жарык көргөн. 1897-жылы орус тилине Н. С. Лыкошин которгон.

Ад.: Мухаммад Наршахи. История Бухары. Таш., 1897.