АБДУЛЛАЕВ Сайфулла Нурмухаммедович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:30, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДУЛЛАЕВ Сайфулла Нурмухаммедович (Нури Ахмад) (1959-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Пржевальск шаары) – тилчи, филология илимдеринин доктору (1993), профессор (1995). Түркология, орус тили жана этнология боюнча адис, Новосибирск лингвистикалык мектебинин өкүлү. Пржевальск мамлекеттик пединститутун (1980), СССР ИАнын Сибирь бөлүмүнүн тарых, филология жана философия институтунун аспирантурасын (1984) аяктаган. Пржевальск мамлекеттик пединститутунда улук окутуучу, доцент (1985–93), К. Тыныстанов атындагы ЫМУда доцент, кафедра башчысы. Негизги илимий эмгектери түрк тилдеринин синтаксистик түзүлүшүн моделдөө жана уйгур тилинин синтаксистик түзүлүшүн иликтөөгө арналган.
Эмг.: «Структурно-семантические модели простого предложения в современном уйгурском языке» Б., 1992.