АБАКИРОВ Мамыт

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:26, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБАКИРОВ Мамыт (1912, Ош облусу, Совет району, Чалма кыштагы - 2003, ошол эле жерде) – жылкычы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1931-жылдан Ош облусунун Совет районундагы «Ленинчил жаш» колхозунун колхозчусу, 1934-41-жылдары № 2-талаа бригадасынын бригадири. 1946-64-жылдары жылкы фермасынын башчысы. Коомдук малды өстүрүүдө жана анын кунардуулугун арттырууда мыкты ийгиликтерге жетишкен. Ал башкарган ферма 1947-жылы 90 бээден 90 кулун алып, аман асыраган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4 жолку депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.

АБАКИРОВ 412.png