ЖУМАБЕКОВА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЖУМАБЕКОВА Турдукан Абдыкариевна (11.11. 1965-жыл, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Бел-Алды айылы) – юрист, юридикалык илимдердин доктору. КМУну (1989), КР ТИМдин дипломатиялык академиясын (2008), андан кийин КР Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын магистратурасын бүткөн. 1982-84-жылдары Кыргыз ССР ИИМде улук инспектор, 1989 -92-жылдары Кара-Балта шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы, 1992-98-жылдары Сокулук райондук прокуратурасында тергөөчү, 1998-жылдан И. Арабаев атындагы КМПУда, КМЮАда, Кыргыз-Казак мамлекеттик кызмат жана укук академиясында улук окутуучу, Ж. Баласагын атындагы КМУда профессордун милдетин аткаруучу. 100дөн ашуун окуу-методикалык эмгектин (анын ичинде 60 монография) автору. КР ЖКнын IV чакырылышынын депутаты (2007-10). КР Президентинин, КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары, КР ИИМдин «Ардак» медалы, «Улуу Петр» ордени менен сыйланган.

Эмг.: «Заключение под стражу и содержание под стражей: состояние, проблемы, перспективы», 2005; «История становления и развития заключения под стражу как вида меры пресечения в уголовном судопроизводстве», 2008; «Кыргыз Республикасынын адам укуктарынын камсыз кылуунун мамлекеттик укуктук механизми», 2014.