ЖУСУПБЕКОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЖУСУПБЕКОВ Азизбек Кылычбекович (1959-жылы туулган, Сокулук району, Шалта айылы) - философ, философия илимдеринин доктору (2011), профессор (2017). 1981-жылы С. М. Киров атындагы Казак мамлекеттик университетин бүткөн. КМУда окутуучу, илимий кызматкер, Кыргыз ССР ИАда илимий кызматкер, бөлүмдүн окумуштуу секретары, бөлүм башчы, КР Президентинин Аппаратында бөлүм башчы, КР Өкмөтүнүн Аппаратында бөлүм башчы, КР Жогорку Кеңешинин Аппаратында бөлүм башчы, бөлүм башчынын орун басары, КР УИАнын философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр ин-тунун окумуштуу секретары, институттун директорунун орун басары, бөлүм башчысы. 100дөй илимий эмгектин (анын ичинде 6 монография) автору.

Эмг.: Этническая идентичность номадов. Б. 2010; Трайбализм постномадов. Б. 2017.