АУЭЗОВ Мухтар Омарханович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Мухтар Омарханович [16 (28). 9. 1897, Семей обл., Абай р-ну, Аркат айылы ‒ 27. 6. 1961, Москва ш., сөөгү Алматыга коюлган] ‒ казак жазуучусу, илимпоз, коомдук ишмер, Казакстан

ИАсын ын академиги (1946), филология илимд. доктору, проф. (1946). Семейдеги мугалимдер семинариясын, (1919). 1923‒28-ж. А. Ташкендеги О. Азия мамл. ун-тинде, Ленинград ун-тинде окуп, филология ф-тин бүтүргөн. 1928‒30-ж. О. Азия ун-тинин аспирантурасында окуган. Туӊгуч чыгармасы ‒

АУЭЗОВ45.png

«Эӊлик-Кебекти» 1917-ж. жазган. Пьесада феодалдык-уруучулук түзүлүштүн курманы болгон эки жаштын трагедиялуу махабаты баяндалат. Айрым идеялык-көркөмдүк кемчиликтерине карабастан, «Эӊлик-Кебек» автордун чыныгы талант ээси экендигин айгинелеген. «Коргоосуз калгандардын тагдыры» (1921), «Ким айыптуу?» (1923), «Каралуу сулуу» (1937) сыяктуу 20дан ашуун пьесалары жарыяланган. А-дун алгачкы эле аӊгеме, повесттеринен анын орус ж-а европа ад-ты м-н казак элинин көркөм адабий салттарын айкалыштыра билгени, бийик жазуучулук мад-т, социалдык баамчылдык, эпикалык чабыты таасын көрүнгөн. А. көркөм чыг-лык м-н бирге, ил. майданда белсенип иштеп, казак ж-а боордош элдердин ад-тынын маанилүү маселелери б-ча бир нече ил. сын макала жазган. Орус ж-а дүйнөлүк классик тердин (У. Шекспир, А. С. Пушкин, И. А. Тур генев, Н. В. Гоголь, М. П. Погодин) чыгармала рын казак тилине которгон. Л. Соболев м-н бирге «Абай» аттуу трагедиясын жазган (1940). Бул тарыхый чыгармада Абай өмүрүнүн соӊку жылдарына кайрылып, улуу акындын трагедия луу тагдырын көрсөтөт. А-дун талантынын гүлдөгөн мезгили «Абай жолу» роман-эпопея сын жараткан жылдарга туш келет. Романдын 1‒2-китеби (1942‒47) СССР мамл. сыйл. (1949), 3‒4-китептери (1950‒56) Лениндик сыйл. (1959) арзыган. Бул роман-эпопеяда улуу акын Абай Кунанбаевдин татаал өмүр жолу казак элинин Окт. рев-ясына чейинки коомдук турмушунун социалдык-саясий ж-а нравалык конфликтте ри м-н элдин аӊ-сезиминде болгон өзгөрүү процесстери м-н тыгыз байланышта сүрөттөлөт. Бул романды жаратууда А. көп изденет. Анын достору, бала-бакырасы, небере-чөбөрөлөрү м-н аӊгемелешүүгө туура келет. Абайдын байбичеси Дилде өтө карып калгандыгына карабастан, о. эле сүйгөн жары Айгерим көп маалымат беришкен. Өз чоӊ атасы ‒ Ауэздин досу Абай тууралуу айтып бергендери, Абайдын «Абай жолу» тарыхый роман-эпопеясы Ч. Айтматовдун сөзү м-н айтканда биздин көркөм ж-а социалдык энциклопедиябыз, жалпы «мандатыбыз». Ал 250 томдук «Дүйнөлүк адабият китепканасында» орун алган. Чыгарма идеялык-эстетикалык күчү жагынан улуу классиктерге мүнөздүү чеберчилик м-н жазылган. Романда классикалык образдардын бүтүндөй бир галереясы түзүлгөн. 30дан ашуун дүйнө тилдерине которулган. А. өмүрүнүн акыркы жылдарында ад-ттын башка жанрларында да жемиштүү эмгектенди. «Алтын шакек», «Асыл насилдер», «Майдан», «Акын элинде», «Түштүк очерктери», «Индия очерктери», «Америка таасирлери» ж. б. очерк, аӊгемеле рин жараткан. «Ак кайыӊ» (А. Тажибаев м-н бирге), «Бекет» (1939), «Сыноо сааты» (1942), «Каракыпчак Кабыланды» (1942‒44) пьесаларын жазган. А-дун адамдардын эмгегин, күрөшүн, жаӊы рухий дүйнөсүн, улуттар арасында гы достук мамилелерди кеӊири көрсөтүүнү максат кылган жаӊы эпопеясынын 1-китеби ‒ «Өскөн өркөн» романы өзү дүйнөдөн кайткандан кийин (1962) жарыкка чыккан. А. дүйнөлүк көркөм процесс м-н жеткиликтүү тааныштыгы бар ири илимпоздордун бири болгон. Ал о. кылымдагы Күн чыгыш классикасы, казак фольклору ж-а профессионал ад-ты, 19-к-дагы орус классикасы, Батыш ад-ты, көркөм котормо маселелери б-ча өзүнүн баалуу ойлорун ортого салып келген. Анын ил. изилдөөлөрү, сын макалалары «Ар жылкы ойлор» (1959) китебине кирген. А. кыргыз ад-тынын тагдыры үчүн дайыма кам көрүп, кыргыз жазуучуларына өрнөк көрсөтүп келген. Улуу «Манас» эпосун изилдөөгө арналган эмгеги бүткүл союздук илимпоздор чөйрөсүнө кеӊири белгилүү. О. эле «Караш-ка раш окуясы» повести, аӊгемелери ж-а ил. эмгектери кыргыз тилинде жарык көргөн. А. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Чыг.: Ауэзов М. Чыгармалары, 12 томдук, 1‒12 т. А.-А.; 1967‒69; Абай. Тарыхый роман, 1‒2-китеп. Ф., 1955, 1957; Караш-караш. Аӊгемелер жыйнагы. Ф., 1969; Кыргызский героический эпос «Манас». М., 1961. Ад.: Ахметов З. Роман-эпопея Мухтара Ауэзова. А., 1996; М. Ауэзов ‒ ХХ кылымдын улуу жазуучусу жана гуманисти. А., 1997; Садыков А. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн адабияты. Б., 2001; Мухтар Ауэзов жана кыргыз залкар жазуучулары. Б., 2005. А. Садыков.