АК ҮЙЛҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК ҮЙЛҮҮ ‒ 1) байыркы жана орто кылымдарда көчмөн элдерде колдонулган эреже-салт. Башка уруу же элди баш ийдирип туруу максатында, же болбосо эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишимди бузбоо үчүн бийлик башындагы тектүү (хан, бий) адамдардан же алардын балдарын кепилдикке берүү (алуу). Мындай эреже-салт байыркы кытай династияларына тиешелүү хроникаларда жана орто кылымдардагы араб-перс жазма эстеликтеринде кеңири кезигет. Көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан мындай салт «Манас» эпосунда да чагылдырылган. Кыргыз санжырасында Тагай бийдин Эреше хандын алдында «ак үйлүү» болуп жүргөнү айтылат; 2) Казактарда жер оодаруу, көчүрүү маанисинде, ал эми түркмөндөрдө, ошондой эле каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй-бүлө күтө элек боз уландардын тобу.

Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-китеп. Бишкек, 1993; Бичурин (Ианкиф) Н. Я.  Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.-Л., 1950. Т. I; Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер Б; 1999; Толстов С. П. К истории древнетюркской социальной терминологии. //Вестник древней истории. М., 1938. № 1(2).