АУТОГЕН МИНЕРАЛДАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
(гр. autigenes ‒ пайда болушу жергиликтүү) ‒ седиментация процессинен же чөгүндүлөрдүн алгачкы тунган жеринде калган кийинки өзгөрүүлөрүнөн пайда болгон чөкмө тоо тек минералдары. Аларга ар түрдүү карбонаттар, чополуу ж-а кенташ (руда) минералдары, эрүүчү туздар, кварц, барит, целестин, талаа шпаты ж. б. кирет. Чөкмө тоо тектердин пайда болуу шарттарын ж-а алардын кандай өзгөрүү процесстерине учураганын изилдөөдө А.минералдарынын мааниси чоӊ.