Тармактык Энциклопедия:IP-ДАРЕК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:26, 27 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

IP-ДАРЕК (IP-address). IP тармагында түйүндү таануу үчүн колдонулган 32-биттүү дарек. Тармактын ар түйүнүнө тармактын жана түйүндүн идентификаторлорунан түзүлгөн IP-дарек бекитилет. Бул дарек демейде чекиттер менен ажыратылып октети ондук маани түрүндө көрсөтүлөт (мисалы, 192.168.7.27). Windows иштетүү системасында IP-даректи DHCP кызматы аркылуу статик же динамик түрдө тууралап койсо болот.


IP-ДАРЕК.jpg